"Жер-Үй кенин иштетүүдөн түшкɵн каражатка өлкөдө жаңы 100 мектеп салуу пландалып жатат" деди өкмөт башчы

Бүгүн, 1-августта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жалал-Абад облусуна болгон сапарынын алкагында Ала-Бука районунда жайгашкан Бозумчак кениндеги «Казакмыс Голд-Кыргызстан» кен иштетүүчү ишканасын ишке берүү аземине катышты. Ачылыш аземинде Темир Сариев аталган комбинаттын ачылышы өлкɵ экономикасы үчүн чоң мааниге ээ экенин белгилеп, бул күн майрам катары кабылданарын билдирди. Ушул аптада гана Талды-Булак-Сол-Жээк кениндеги «Алтын-Кен» ишканасы ишке берилгенин маалымдаган премьер-министр бул сыяктуу бир катар ишкана, комбинаттарды ишке киргизүү улантыларын айтты.

«Мамлекетибиз эгемендүүлүк алгандан тарта бир катар кыйынчылыктарды баштан ɵткɵрдү. Өткɵɵл учурда фабрика, завод, ишканалар токтоп калды, жарандарыбыз Орусия, Казакстан сыяктуу башка ɵлкɵлɵргɵ иш издеп чыгууга аргасыз болушту. Ушундай учурда биз жаңы ишканаларды ишке киргизип, жумуш орундарын түзүп, мамлекетибиздин эгемендигин, кубаттуулугун бекемдеп, туруктуу ɵнүгүүсүн камсыздашыбыз зарыл. Биздин алдыбызда бир гана жол бар: ал – ɵнүгүү жолу»,- деп белгиледи Т.Сариев.

Өкмɵт башчы билдиргендей, комбинат буга дейре тесттик режимде иш алып барып жаткан, сентябрдын соңунан тарта ал толук кубаттуулукта ишке берилмекчи. «Андан жыл аягына дейре 200 миллион сом салык түшсɵ, анын 50 миллион сомдон ашыгы жергиликтүү бюджетке келип түшɵт. Эгерде ишкана толук кандуу ишке берилсе, анда жылына мамлекеттин казынасына 400 миллион сом которулат, ошол эле учурда миңден ашуун жумушчу орун пайда болот. Эки комбинаттан жылына 1,5 миллиард сом салык түшɵт, 2 миңге жакын адам иш менен камсыздалат»,- деп билдирди ал.

Премьер-министр мындан тышкары өкмɵт Таластагы Жер-Үй кенин ишке берүүнү кɵздɵп жатканын маалымдады. Кенди иштетүүгө уруксат кагазы үчүн түшкɵн 100 миллион доллар каражатка республикада 100 жаңы мектеп салуу жана дагы 100 мектепти капиталдык оңдоодон ɵткɵрүү пландалып жатат.

Өкмɵт башчы мамлекетти ɵнүктүрүүгɵ багытталган ушундай долбоорлорго тоскоолдук келтирүүнү каалаган жактар бар экендигин белгилеп, мындай адамдарды жоопкерчиликке тартуу жагы караларын эскертти. «Биздин мамлекет учурда «тартип, тартип жана дагы бир ирет тартип» деген талаптын алдында иш алып баруусу абзел. Кыргыз өлкөсү ɵзүм билемдиктен тажап бүттү. Кубаттуу мамлекет куруп, мектептерди, ооруканаларды, жолдорду, ГЭСтерди куруу долбоорун ишке ашырабыз десек, мыйзамды сактап, тартипке ɵзгɵчɵ кɵңүл буруубуз зарыл»,- деди Т.Сариев.

Мындан тышкары премьер-министр алдыдагы парламенттик шайлоо маселесине токтолуп, аны тынч жана мыйзамдуу түрдɵ ɵткɵрүп алуу маанилүү экенин билдирди. Шайлоону ачык-айкын ɵткɵрүү максатында жаңы технологиялар жана биометрикалык каттоо ыкмалары киргизилип жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан