ЭЛДИК КАБАР: Ноокенде жаштар өз демилгелери менен кароосуз калган Маданият үйүн оңдоп, спорттук жай катары пайдаланууну көздөшүүдө

Ноокен районундагы Ноокен айылынын жаштары өз демилгелери менен айылдагы кароосуз калган Маданият үйүн оңдоп, спорттук жай катары пайдаланууну көздөшүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 3-августта Whatsapp аркылуу Кыялбек Мейманов аттуу окурман кабарлады. "Маданият үйү бир канча жылдан бери каралбай калган. Жөн жаткандан көрө спорттук жай кылып алалы деп оңдоп жатабыз. Айыл өкмөткө кайрылып, бирок каражат ала алган жокпуз",- деди окурман. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Alibi
2015-08-03 11:08:10
Менин жердештерим ушундай ынтымактуу экенин билбей жүрүптүрмүн. Баштаган ишиңерге ийгилик!
0
deva
2015-08-03 11:19:52
Ой, азаматтар! Жаштар ыймандуу, бирдиктүү, тартиптүү болсок баарын жеңебиз!
0
Ajar.
2015-08-03 11:20:59
Жакшы, азаматсыңар!
Бирок Маданият үйү деле керек да, балким, Маданият үйү катары эле калтырып,
кошумча спорттук машыгуучу бөлмөлөрдү ачсаңар болот беле деп ойлоп жатам,
анткени имарат чоң эле экен да.
0
tagokg
2015-08-05 15:05:07
Ajar., айылда 2 маданият уйу бар. Бул имарат ошонун бири. Андан сырткары заманбап 2 кабаттуу спорт комплексинин 70 пайызы курулган бойдон каражат жок токтоп калган. Дагы 1 спорт мектеби иштейт.
0
bakaiBBBB
2015-08-03 13:50:36
ырчылар ансыз деле жетиштуу лучше спортсмендер кобуроок чыксын ишке жараган
+1
Gulzada2304
2015-08-04 07:39:09
Айыл өкмөттөн пайда чыкпайт,алар көркүнө гана дайындалгандарда....Баштаган ишиңерге ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан