Талас облустук сотунун алдында ырчы Омардын туугандары жана тарапташтары соттун чечимин күтүп жатышат

Талас облустук соту ырчы Омардын баш коргоо чарасын карап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Талас облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, соттун алдында ырчынын туугандары жана тарапташтары турушат. Алар Омардын камактан чыгышын талап кылышууда.

Айта кетсек, Омардын жактоочусу Ороз Мадымаров 30-июлда Талас райондук сотунун чечимин өзгөртүү боюнча облустук сотко кассациялык даттануу жолдонгон. Даттанууда райондук соттун чечимин өзгөртүп, ырчы Омарды үй камагына чыгаруу жөнүндө айтылган. 

Айта кетсек, ырчы Омар 27-июль күнү кармалган. Ал “Нуржанбек Токтогулов аттуу таанышы менен бирге ишкерден 40 тонна төө буурчак алып, акчасын берген эмес” деп айыпталууда. 

28-июль күнү Талас райондук соту ырчы Омардын баш коргоо чарасын карап, соттун чечиминин негизинде ал бир айга камакка алынган. Чечим чыкканда ырчынын ден соолугу начарлап, “Тез жардам” кызматы аркылуу Талас облустук ооруканасына жеткирилген. 

Омарды колдогон митинг
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Izdeim_seni.
2015-08-03 16:10:42
Омарга ишенбей калдым.
-1
Aselya_9105
2015-08-03 16:28:01
Izdeim_seni., Омар сизди да алдагандай жазыпсыз го.
+1
beben
2015-08-03 16:23:36
Эмнеге ишенбейсин же сенида алдадыбы.
+3
moskyrsat
2015-08-03 16:26:14
Эми корбогондон кийин айтыш кыйын бир нерсе деп,балким айыбы бардыр балким чын эле жокдур. Эми убакыт коргозотда .
0
ularik_kg
2015-08-03 16:34:51
Бир уйбулосу эмес. Бут Омарды колдогон бизге окшогон карапайым элда кутуп атабыз. Акталат деген ишенимдебиз.
+3
LIVER
2015-08-03 16:49:13
Эгер ушул ырчы куноолуу болсо, закон ченинде жооп бериш керек, келип алып эле митинг кыла бергендин озу туура эмес, бул базар эмес го... Эгер соттосо бир демеси бар, ал адамга заарылбы жонокой адамды подстава кылганга, депутат эмес ко.....
0
Suiunbekova_kg_Seket
2015-08-03 17:08:59
Омар мен сыйлаган ырчылардын бири. Эмнегедир сот узака созулуп жатканы кызык???
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан