Омардын баш коргоо чарасын карап жатышкан судьялар кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Талас облустук сотунан SUPER.KG порталына билдиришти.
Айта кетсек, Омардын жактоочусу Ороз Мадымаров 30-июлда Талас райондук сотунун чечимин өзгөртүү боюнча облустук сотко кассациялык даттануу жолдонгон. Даттанууда райондук соттун чечимин өзгөртүп, ырчы Омарды үй камагына чыгаруу жөнүндө айтылган.
Айта кетсек, ырчы Омар 27-июль күнү кармалган. Ал “Нуржанбек Токтогулов аттуу таанышы менен бирге ишкерден 40 тонна төө буурчак алып, акчасын берген эмес” деп айыпталууда.
28-июль күнү Талас райондук соту ырчы Омардын баш коргоо чарасын карап, соттун чечиминин негизинде ал бир айга камакка алынган. Чечим чыкканда ырчынын ден соолугу начарлап, “Тез жардам” кызматы аркылуу Талас облустук ооруканасына жеткирилген.