ЭЛДИК КАБАР: Баткендеги чатакта тургундардын үйүнүн ичиндеги буюмдары да талкаланган (фото)

Баткенде кыргыз-тажик жаңжалынан 5 адам жаракат алып, 7 үй, 1 автоунаа талкаланган. Айрымдарынын үйүнүн ичиндеги буюмдары да талкаланганын окурман SUPER.KG'ге Whatsapp аркылуу билдирди. "Мен урушуудан зыянга учураган Заирбек аттуу жарандын үйүнүн ичин көрүп чыктым. Үйүнүн эшик-терезелери, Тико унаасы талкаланып калыптыр. Ошондой эле тажиктер үйүнүн ичиндеги муздаткычын жана айрым буюмдарын балта менен чапкылап, сындырып салышыптыр. Келинчегине таш тийип, учурда ооруканада жатат. Анысы аз келгенсип, 2 кап өрүгүн жана 400 сом акчасын көтөрө кетишиптир. Заирбектен башка дагы 6 жарандын үйү зыянга учураган. Кооптуу болгондуктан, ал үйлөргө барган жокмун",- деди окурман. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
stal.ks
2015-08-04 13:32:40
Чек арачылар эмне кылып журот корубай
+4
Nemo_0587
2015-08-04 13:45:23
Тажиктер эмнени каалап атышты экен. Менин оюмча чек арада жашаган кыргыз тургундарына тийише берсе кочо качышат деп ойлошсо керек. Жанжал коп чыккан аймакка мамлекет кобуроок конул бурса...
+7
Qnet
2015-08-04 13:46:36
Депутат болом дегендерге чек ара маселесин аябай катуу которуш керек болуп калды!Бийлик алсыздыгынан карапайым эл озу курошконго мажбур болуп жатат!Уялгалы бийликтегилер,озунор ырдап-чоордоп,тайрандап-сайрандап жургондон элинер ушундай кыйналып атканда!
+3
Minhi
2015-08-04 13:48:31
Урматту админ АША нын номерини бергилечи ким билет прямой АША га звонок кылам
+10
shamilaisan
2015-08-04 13:49:16
Оо кудай озун сактай кор
0
Tagdyr
2015-08-04 14:56:33
shamilaisan, АША билбейт дейсинби? Угуп, коруп отурат да. Ага чалганда толк жок.
+1
ACAH_AKA
2015-08-04 13:58:37
экинчи Афганистан болуп каллы да ошол жак
+1
ertur
2015-08-04 15:11:00
Атамбаев мурунку шайлоодон бери Баткенге бирда жолу басып келген ЭМЕС! Ушу АШАны СДПК асын ушул аймака штаб квартирасын орнотуп шайлоого даярдан десе ошондо билет элек СДПКда даана кимдер отурганын. Анткени азыр бут бийликте СДПК тейлеп жатат баарын. башка партиядан баарын кызматтан эчак эле алган, эгерде чыныгы эл кызматында болсо келбейби
+5
ertur
2015-08-04 15:21:28
Урматтуу АША сенин милдетин аткарылбай Кыргызстандагы жашаган бир баланын башынан бир тал чач тушсо баарибир и созсуз жооп бересин, моонотун бутсо да , бутпосо да
+2
bolush11
2015-08-04 15:36:16
Эх эх ото окунучтуу жагдай! Биздин "ХХХ" аткаминерлер кресло талашпай элдин койгойун биринчи орунга коюп чечип койсо болбойт бекен?
+1
admin_superstan
2015-08-04 15:44:31
bolush11, этика нормаларын сактаңыз!
0
kgzamira
2015-08-04 16:20:49
Чек арачылар эле дейсиңер, армияга барган адамды укпайм, эркектер армияга барып өзүңөр коргогула аскер жетишпеген аймактарга барып. Өзүм Кыргызстан үчүн эмне кызмат кылып жатам деп ойлонолучу башта!
0
bazarkyl
2015-08-04 17:15:05
Кыргыз элим эмне болуп кетти. биздин кыргыз жарандар башка мамлекетте бироонун уйун талкаламак турсун. кочодон бир баласын ура албайт болушу керек. жаман окуялар болуп жатат мунун аркасы жакшылык менен бутбойт
0
KGstan81
2015-08-04 20:46:00
мен кече эле жаздым эле Ворух анклавын тосуп салгыла деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан