Өткөн аптада Жогорку Кеңеш “Кумтөр” алтын кени боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын иш жыйынтыгы менен таанышып, көптөгөн талаш-тартыштардан соң тиешелүү токтомду кабыл алды. Талаш-тартыш дегенибиз, депутаттардын бир тарабы “Кумтөр” боюнча канадалык “Центерра Голд Инк” компаниясы менен Кыргызстандын ортосундагы келишимди жокко чыгарууну сунушташса, бир тарабы азыркы келишимди кайрадан карап чыгып, кыргыздын пайдасына иштей тургандай шарт түзүү керектигин айтып чыгышты. Келишимдерди кайрадан карап чыгуу үчүн өкмөткө 3 ай убакыт берилди. Ал эми мамлекеттик комиссия “Кумтөрдөн” Кыргызстан 20 жыл ичинде жарытылуу пайда көрбөгөнүн ырастады. Буга байланыштуу өлкөдөгү кен байлыктар тууралуу айрым адамдарга суроо узатып, пикирин билдик.
Кыргызстандагы кен байлыктарды бир гана чет өлкөлүк инвесторлор иштетиши керекпи же Кыргызстан өзү иштетүүгө кудурети жеткенче иштетилбей турганы оңбу? (Эксперттердин пикири)
Кожобек Рыспаев, ЖКнын депутаты:
- Албетте, мүмкүнчүлүк болсо, кен байлыктарыбызды өзүбүз иштеткенге эмне жетсин?! Бирок чамабыз чектелүү болуп жатпайбы. Анын үстүнө улам ызы-чуу салып, иштейм деп келген чет элдик инвесторлорго мүмкүнчүлүк бербей жатабыз. Менимче, инвесторлорго талапты бекем коюп, кендерди иштете берсек болот.
Айылчы Сарыбаев, серепчи:
- Бул суроонун өзү, менимче, туура эмес. Эч качан “өзүбүздүн мүмкүчүлүгүбүз жеткенче” деп кен байлыктарды сактап отурбашыбыз керек. “Чет элдик инвесторлорго кен байлыктарды иштетүүгө бербеш керек” деген ой жүгүртүү да таптакыр туура эмес. Өлкөдө ар дайым тышкы жана ички инвесторлор иштеп турушу зарыл.
Жылдыз Жолдошова, ЖКнын депутаты:
- Кыргызстандагы кен байлыктарды иштетип алууга кыргыз элинин кудурети жетет. Азыр алтын өндүрүүчү чоң ишканаларда жөнөкөй жумушчудан тартып инженерлерге чейин кыргыз адистери иштеп келе жатышат. Демек, бизде адистер жетиштүү. Кен байлыктарыбызды өзүбүздүн ишкер балдар иштете ала тургандай шарт түзүп, аларга ишеним артып, мүмкүнчүлүк берсек туура болот.
Акылбек Жапаров, мурдагы каржы министри:
- Кен байлыктардын баарын изилдеп, тактап чыгыш керек жана аларды биздин урпактарга калтыруу кажет. Чет элдик инвесторлор менен иштешүүгө шашылбаш керек. Түзүлгөн келишимдер кыргыз тарапка пайдалуу болгондо гана чакан кендерди иштетүүгө берсе болот. Азыркы келишимдердин пайдасынан зыяны көп болуп жатпайбы. Мисалы, “Кумтөр” кенинде 1500-2000 кыргызстандык жаран иштейт. Бул, албетте, жакшы, бирок ошол эле учурда “Дордой” базарында 150-180 миң киши тиричилик кылууда. Айтайын дегеним, жумушту башка жактан деле тапса болот. Ал эми кен байлыктарды урпактарга сактаганыбыз туура. Америка өзүндөгү кен байлыктарга тийбейт, газын да, көмүрүн да, алтынын да кол тийгизбей сактоодо.
Туратбек Мадылбеков, ЖКнын депутаты:
- Колдон келсе өзүбүз иштетсек жакшы болмок. Бирок каражаттын жоктугунан инвесторлорго берүүгө аргасыз болуудабыз. Бир өлкөнүн кен байлыгын башка өлкө иштетип келген учурлар дүйнөлүк практикада көп эле. Эң башкысы, келишим түзүүдө өзүбүздүн кызыкчылыктарды биринчи орунга коюшубуз кажет. Ошондой эле өзүбүздүн ишкерлер да тендерге катышып утуп чыкса, иштете берсе болот.
Сүрөттө:
1. Кожобек Рыспаев
2. Айылчы Сарыбаев
3. Жылдыз Жолдошова
4. Акылбек Жапаров
5. Туратбек Мадылбеков