ЭЛДИК КАБАР: Кадамжайда Үй-бүлөлүк дарыгерлер үйү курулганы менен, иштебей калды

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Шады айылында жайгашкан Үй-бүлөлүк дарыгерлер үйү иштебей турат. Өзүн Бекзат деп тааныштырган окурман аталган имарат 2013-жылы ачылып, бирок иштебей калганын SUPER.KG'ге Whatsapp аркылуу 5-августта билдирди. 
"Биздин айылдын жашоочулары абдан кубанган эле. Бирок ошол ачылыш болгон күндөн бери бул имарат бир жолу да иштеген жок. Иштеп калса биздин айылдын эле эмес, коңшу айылдын жашоочулары да райондун борборуна же айыл өкмөткө барып кыйналышмак эмес",- деди Бекзат.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Altynbekk5
2015-08-05 17:46:31
Жаңылыктын баары баткенде го.
Смартфон алабыз деп баткендин жетекчисин айдатпасаңар болду
+4
bosmos777
2015-08-05 17:47:21
Тообо!
+1
Eli75
2015-08-05 23:20:05
Иштеп калсын, биздин айылда да оорукана бар болчу, азыр жабылып жонокой медпункт болуп калган, штат кыскартылган. Бирок эл учун керек ушул орчундуу маселелер жогорку денгээлде конул болунсо жакшы болмок. Копчулук эл ден соолугун чындоо учун райондук ооруканага каттап дарыланат.
0
maks94.kb
2015-08-06 19:22:42
колдо бар алтындын баркы жок дегендей эртен биздин дагын бир бизнесменибиз сатып алып бир бизнес баштап жиберет анан олтуратар эки колун чонтегине салып ал сатылып кетти деп жок шылтоону айтып ушундай эл учун керек болгон нерселерди козомолго алып ишке берип эл пайдасына чечип бере турган киши болсо го чиркин кайдан озум олбойн заман болуп калбадыбы атаганат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан