Алай районундагы Гүлчө айылынын Жумабай Абдиев көчөсүндө бир жылдан бери таштанды чыгарыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта окурман SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу билдирди.
“Таштанды боюнча айыл өкмөткө барсак, “унаабыз бузук, каалаган жериңерге баргыла” дейт. Таштанды үйүбүздүн алдына чейин толуп калды. Анын жанында кичинекей балдар ойношот. Ар кандай оорулар жугушу толук мүмкүн”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.