Таласта мектеп формасы сыналгыда көрсөтүлгөн баадан 100 сомго кымбат сатылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта окурман SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу билдирди.
“Сыналгыдан форма көйнөгү менен 1800 сом деп көрсөтүлгөн. Бирок биз көйнөгү жок эле 1800 сомго алдык. Мектеп формасынын бир баада сатылышына көзөмөл жүрөт деген эле. Талас шаарынын Ч.Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде 1900 сом деп, түшпөй койду. Көп ата-энелер форманын сапатына нааразы”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.