ЭЛДИК КАБАР: Кечээ түнү Бишкек-Балыкчы унаа жолунун 10-чакырымында унаа тыгыны пайда болду

Кечээ, 9-август түнү Бишкек-Балыкчы унаа жолунун 10-чакырымында унаа тыгыны пайда болду. Ага Ауди унаасынын темир тосмону сүзүп, жолдун ортосуна туурасынан туруп калганы себеп болгон. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта окурман SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу билдирди. 

Мындан улам жол 40 мүнөттөй жабык турду. Унаалардын тыгыны 3-4-чакырымга чейин болду. Жолдон унааны алып койгон атайын техника же жол-кайгуул кызматкери жок. Акыры элдин күчү менен унаа жолдун четине чыгарылды. Айдоочу мас экен”,- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан