Ош облусунун Чоң-Алай районунда катылган мина табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 9-август күнү чалгындоо-издөө иштери жүргөн. Анын негизинде аталган райондун Күнгөй Ак-Таш жергесинде ОЗМ-72 үлгүсүндөгү 1 даана мина табылган. Учурда ал жер курчоого алынып, минаны зыянсыздандыруу иштери жүрүүдө.