Токтогулда 5 килограмм маңзат менен 27 жаштагы жаран кармалды

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан 10-август күнү Токтогул районундагы Өзгөрүш айылынын 27 жаштагы тургуну шектүү катары кармалган. Текшерүү учурунда колундагы пакеттин ичинен 225 даана ширеңке кутучасына салынган болжол менен 5 килограмм гашиш табылды. Учурда кармалган жаран Токтогул РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу 12-августта Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, былтыркы жылдын 6 айында 278 килограмм ар түрдүү баңгизат алынса, быйылкы жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен 873 килограмм 378 грамм маңзат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Patriot...kg
2015-08-12 18:25:51
Доха брат түшүп калган турбайбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан