Күндүн ысышынан улам Жети-Өгүз суусунун деңгээли көтөрүлүп, Чырак айылындагы жолду алып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта окурман SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу билдирди.
“Былтыр да ушул жолду суу алып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эптеп оңдоп койгон. Быйыл Жети-Өгүз суусу дагы кирип, турак үйлөргө коркунуч келтирүүдө”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.