ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте саатына 160 чакырым ылдамдыкта келе жаткан унаа жол жээгиндеги эки унааны сүзүп, көмкөрүлүп калды

Бишкектин 5-кичи районунда 18-августка караган түнү Мерседес, Мазда жана Тойота-Харриер үлгүсүндөгү 3 унаа кагылышып кетти. Катуу ылдамдык менен келген Тойота-Харриер унаасы жол четинде турган эки унааны сүзүп, унаа өзү көмкөрүлүп калган. Айдоочу болжол менен саатына 160 чакырымга чейинки ылдамдыкта келген. Жол кырсыгынан Тойота-Харриер унаасынын айдоочусу автоунаанын ичинде кыпчылып калган. Жабыркаган 3 адамды "Тез жардам" кызматы алып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу байланышкан окурман билдирди.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
mirlanpiter
2015-08-18 15:44:18
Жолу болбогон шумахерр
+3
Abdurahman
2015-08-18 15:57:33
бул ага сабак болуп
мындан кийин жургус болуптур да
+1
nur0077
2015-08-18 16:37:56
Бироонун омурун тобокелге салбай акырын журсо болбойбу?омур бою майып болсо озу куноолуу,башка бироону омур бою сыздатса кандай болуп калат?Же акчасына,акыбалына копкондукпу???Ошон учун кысып журуш керек!Баарыбыз 5кундук жалганда конокбуз.
0
gulzar_gulu
2015-08-18 17:09:52
Эми жон эле айдаса болбойбу?
0
aismiris
2015-08-18 19:09:26
Мен да кече куну кубо болгом бул аварияга хариердин водители балалуу болуп ошону майрамдап мас абалда экен дештиго 3 баланы таксиде эле ооруканага алып кктишти бир кыз эч нерсе болгон эмес
0
bakyt_2015
2015-08-18 20:31:18
Ушундай ХХХХ канчанын убалына калып жатышат.
0
admin_superstan
2015-08-19 11:29:15
bakyt_2015, кемсинтүүгө жол жок! Оозеки эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан