ЭЛДИК КАБАР: Кара-Кулжадагы инфекциялык жана кургак учукту дарылоочу оорукана жактагы таш майдалаган ишканага эл нааразы

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы инфекциялык жана кургак учукту дарылоочу ооруканага жакын жерде ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ишкана тууралуу айтып, 18-августта SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу окурман байланышты. Ал: "Бул таш майдалаган завод бир гана пайданы көздөгөндөй. Анын түндүк тарабында кургак учукту дарылоочу оорукана жайгашкан. Бейтаптар чаң жутушабы же дарыланышабы? Ал эми чыгыш тарабында райондук оорукана жайгашкан. Анын жанында эле инфекциялык оорукана бар. Ишкананы алысыраак курса болбойт беле? Эми ал жердеги үйлөрдү жылдырууга туура келеби?"- деп нааразылыгын билдирди.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Кара-Кулжадагы таш майдалаган ишканага эл нааразы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Zara_KARA-KULJA
2015-08-19 09:52:53
Курулуп атканда ошол айылдагы адамдар беш колдоп колдошкон,эми мынтип иштеп аткан жерге сын тагышат.андай экен башта айтыш керек эле,
+2
Akmosha
2015-08-19 10:14:26
Сооронбай Жээнбековдун ишканасы деп уккан жайым бар эле,Кара -Кочкор айылына курдурам десе эл ынабай койгон,зыян дешип.Башында макул болбошу керек болчу Кара-Кулжанын эли.
+2
ArgenMers
2015-08-19 13:27:34
Ушу Кара-Кулжага эч ким конул бурбайт турган болдуго
0
010288
2015-08-19 16:09:57
биздин уй стадиондун жанында ошол жака чейин угулатго тырылдаганы
0
aiba91kg
2015-08-19 18:46:09
Тарылдап калса эле бир жон...Чан каптаганычы ,Ошол жерде жашагандардын идиштеринен бери чан каптап калат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан