Бишкекте ЕАЭБдин кыргыз өлкөсүндөгү саясий кырдаалга тийгизчү таасири талкууланды

Бүгүн, 25-августта Бишкекте Евразиялык экономикалык биримдиктин кыргыз өлкөсүндөгү саясий кырдаалга тийгизчү таасири боюнча жыйын өттү. Ага Орусия, Казакстан жана Кыргыз Республикасынын атайын эл аралык эксперттери катышты. 

Казакстандан келген эксперт Марина Лапенко Кыргыз Республикасы Казакстан үчүн Кытай жана Орусиядан кийинки экономикалык негизги өнөктөш экенин айтты. “Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кыргыз-казак чек арасындагы бажы бекеттерин алуу учурунда эки өлкө ортосунда эч кандай тосмо болбошу керектигин билдирди. Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге толук кандуу мүчө болду. Кыргыз Республикасы парламенттик башкаруудагы өлкө катары ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге үлгү боло алды. Карап көрсөк, өлкө мындан 5 жыл мурунку абалга салыштырмалуу саясий туруктуулукка жетишти. Андан сырткары Орусия менен болгон мамилеси жылдан-жылга жакындашууда. Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге кириши акырындап барып Орто Азиядагы экономикалык чөйрөнү өзгөртүүгө алып келет”,- деди Лапенко.

Ал эми башка эксперттер кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуулар Орто Азиядагы саясий абалды курчутуп жибериши мүмкүн деген пикирлерин айтышты.

Казакстандык дагы бир эксперт Константин Сыроежкин ЕАЭБдин пайдасын Кытай мамлекети көрүп жатканын ортого салды. “ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин баары эле товар өндүрүүнү эмес, сатууну максат кылып жатышат. Биз товарды жүргүзүүдө үстөмдүк кылуубуз керек. Товарды өндүрүүнү каалабай, жөн гана жеңил жол менен акча табууну көздөп жатабыз. Бул Кытайдын товарларын чектөө үчүн болгон аракет. Ошондуктан Орусия жана Казакстан Кытай менен эч качан эркин товар жүгүртүү зонасын түзбөйт”,- деди эксперт.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ЕАЭБге мүчө мамлекеттер маселелерди бирге чечүү керектигин белгиледи. “Азыр Орусия биздин жарандарга бир катар жеңилдиктерди берип жатат. Бул бүгүн жакшы, бирок эртең мамлекетке социалдык жана саясий көйгөйлөрдү алып келет. Азыр бизде этти биримдикке мүчө мамлекеттерге алып чыгуу боюнча маселелер болуп жатат. Мындай шарттар менен болсок, эртең бири-бирибизге айтабыз, “өзүңөр ушул жол менен киргенсиңер” деп. Бул биримдик эмес, бул жерде, тескерисинче, көйгөйлөр бар. Биз азыр бир нерсени өндүрүүгө эмес, сатууга кызыкдарбыз. Келгиле, өзүбүз өндүрөлү”,- деди Бекешев.   

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bektur2
2015-08-25 17:34:39
Кытайдан келген таварларга неге 30% кошулуп жатат? машинанын тетиктерин кымбаттап жатат? азыр мындай болуп баштаса кийин кайда барат? карапайым эл кантип кун корот? же кайра ат арабалар кочолордо батпай калат
+2
Sake80
2015-08-25 19:41:23
30 %болсо жакшы го андан коп кымбаттап кеттти
+1
dd-dd-dd
2015-08-25 21:20:52
Кыргыз-Кытай чек арасындагы бажы бекеттеринин иштөө мөөнөтүн узартып, 8 сааттан 12 саатка жеткирүү жана дем алышсыз иштөө режимине өткөрүүнү сунуштады дейт,Лучше бааларды кемитсе боло,30% кошпостон ээээх
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан