ЭЛДИК КАБАР: Кызмат өтөп жаткан жеринен дайынсыз жоголгон жоокерди издөөгө Кара-Тейит айылынын тургундары унаалар менен чыгып кетишти

Кыргыз-тажик чек арасындагы "Кара-Мык" тозотунда кызмат өтөп жаткан жеринен дайынсыз болуп жаткан жоокерди издөөгө Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит айылынын жашоочулары унаалар менен чыгып кетишти. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 25-августта окурман Whatsapp аркылуу кабарлады. Окурман айыл тургундары жоокерди издөө үчүн үч унаа менен кетишкенин айтты. 
Айта кетсек, ал жоокер 23-августта кыргыз-тажик чек арасынын "Кара-Мык" тозотунда кызмат өтөп жаткан жеринен дайынсыз жоголгон. Белгилүү болгондой, жоокер 2014-жылы сентябрь айында кызматка чакырылган, бир айдан кийин кызмат өтөө мөөнөтү аяктамак. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
erjantalas
2015-08-25 15:27:03
эмне болуп кетти кокуй?
+2
medina.
2015-08-25 16:07:56
Тынч эле болсо экен.
+1
Medina87
2015-08-25 19:55:04
Кудайдан болуп табылып калсын.
0
baba.
2015-08-26 02:24:46
Бул бала жалгыз болбосо керек кузотто.Жанында шериктери жок бекен.сыр болуп жататко бул жагы.
+1
Beka1986
2015-09-09 04:21:30
Ким деген жоокер,аты жону барбы?Каяктан болот?Маалыматты тагыраак берсенер берген соң!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан