ЭЛДИК КАБАР: Тоңдо Тойота Ленд Крузер менен УАЗ үлгүсүндөгү унаа кагылышып, бир айдоочу көз жумду

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев жана Кажы-Сай айылдарынын аралыгында Тойота Ленд Крузер менен УАЗ үлгүсүндөгү унаа кагылышып кетти. Бул тууралуу окурман 27-август күнү SUPER.KG'ге Whatsapp аркылуу кабарлады. Окурман андан бир айдоочу көз жумганын билдирди. "Жол кырсыгы 25-августта катталып, андан УАЗдын айдоочусу каза болду. Тойота Ленд Крузердин айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жатып (жаракат алган аял) УАЗдын жолуна чыга калган",- деди окурман. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aikokul14
2015-08-27 15:53:15
Бул аялдагы копкон бироода,жонокой аял кантип джип машина алат,бироону ыйлатып,же пара менен келген акчага алынган машинада.
0
sarbo
2015-08-27 16:13:36
aikokul14,башты иштетип пешене тер менен мындан жакшысын алса дагын болот
0
AiBoru
2015-08-27 15:55:11
Кудай сактасын ар бир пендени.
Ушундай окуяларды коп угуп машина айдагандан да коркуп айдабай калдым.
0
Nuranna_93_kg
2015-08-27 16:02:38
Ажалы жетсе Аллахым кандай жол мн болсо да алып кетет,олумдон качып кутула албайсын.Куноолорун женил кылган болсун жаратканым,жаткан жери жайлуу болсун туугандарына сабыр берсин.
0
sagyn91
2015-08-27 16:08:24
Окунучтуу
0
bolotbai
2015-08-27 16:32:36
Аиий жаман иш болуптур кокустук да эми,кайтыш болгон адамдын жаны жаннаттан болсун.Тиги жиптин шофёру жерде жаткан аялбы?жаткан аялдын моюнундакы алтын цепочкасы узулбой калыптыр ээ.
0
Aziyat
2015-08-30 03:10:40
bolotbai,цепочкасын көрүп койдуңбу,шумдук)))
0
bermet104
2015-08-27 18:29:34
Кажы сай болсо биздин айыл жакта болуптур. Аллах бөөдө кырсыктан сактасын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан