Австрия мамлекетинде жолдун боюнда турган жүк ташуучу унаадан өлкөгө мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган 50 мигранттын өлүгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта европалык массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, айдоочу - Румыниянын жараны унааны таштап качып кеткен. Полиция аны издөөнү улантууда. Алдын ала маалыматтарга ылайык, мигранттар аба жетишпегендигинен тумчугуп калышкан. Адистер азырынча так себебин аныкташа элек.
Бул окуя Европада чоң чуу жаратты. Австриянын ИИМинин башчысы Йоханн Микль-Ляйтнер "мыйзамсыз жүргөн мигранттарды ташыган жаран жардамчы эмес, ал - кылмышкер" деп билдирди. Германиянын канцлери Ангела Меркель Европа мамлекеттеринин лидерлерине кайрылып, миграция маселесин чогуу чечүү зарыл экенин айтты. Ал мигранттарды европалык мамлекеттердин арасында жайгаштырууну туура чечүү жолу катары көрүүдө.