Чүй облусунун Вознесеновка айылында жаран мас абалында өгөй кызын атып салды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 67 жаштагы Калманбет Б. мас абалында 36 жаштагы Дарика С. аттуу өгөй кызы менен урушуп, аны атып салган. Андан соң сыртка чыгып, өзүн өзү өлтүрүүгө аракет жасаган. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге келип, айымдын өлүгүн табышкан. Ал эми ок чыгарган жаран ооруканага жеткирилген.
Айымдын артында 2 баласы калганы белгилүү болду.