Эки жарым айдан кийин жансыз денеси табылган Баткендин тургуну Сарахан Нурматованын өлүмүнө шектелип Исфара шаарынын жашоочусу кармалды. Бул тууралуу 27-августта Тажикстандын Башкы прокуратурасынын расмий сайты жарыялады.
Маалыматка караганда, 1978-жылы Исфара шаарында туулган А.А. аттуу жаран 2015-жылдын 7-июнунда тигүүчү машинасын оңдотуу үчүн Тажикстандын аймагына өткөн С.Нурматованы жолуктуруп калган. Экөө уруша кетип, шектүү жаран С.Нурматованын башына урган. Андан соң жабырлануучуну жоолук менен муунтуп салган. Кылмыштын изин жашыруу максатында маркумдун сөйкөсүн, эки алтын шакегин, кездемелерин жана тигүүчү машинасын алып, сөөгүн казылган аңга таштап, үстүнө таштарды ыргытып салган. Азыркы тапта факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.