Жалал-Абад облусунда алтын казуучу ишканадан акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта облустун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Чаткалдагы “Кичи-Чаар-Ат” алтын казуучу ишканасынын жетекчисинин билдирүүсүнө ылайык, 25-30 жаштардагы 4 жаран ишканага келип, өздөрүн “түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуу дүйнөнүн адамдарыбыз” деп тааныштырышкан. Андан соң аны коркутуп, “общак” (кылмыш дүйнөсүнүн казынасы - ред.) үчүн 30 миң доллар көлөмүндө каражат талап кылып, “ишкананын коопсуздугун карап беребиз, акча бербесеңер жумушуңарды токтотуп салабыз, андыктан ойлонууга 1 күн убакыт беребиз” деп опузалап кытай өкүлүн коркутушкан.
2015-жылдын 18-август күнү кылмыш иликтөөчүлөр Чаткал районунун аймагынан шектүү БМВ үлгүсүндөгү автоунааны курчоого алып токтотуп, ичинен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашкан.
Учурда бул факт боюнча чогулган материалдардын алкагында кармалган жарандарга "опузалап талап кылуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Бул иш боюнча Чаткал райондук соту тарабынан 2 айлык мөөнөткө санкция берилип, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болду.
"Азыркы учурда бул уюшкан кылмыштуу топтун артында ким турарын, башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча кошумча иликтөө-тергөө иштери жүрүп жатат",- деп маалымдашты Жалал-Абад ОИИБинен.