Сузакта күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жер силкинүү бүгүн саат 05:00 чамасында болгон. Анын очогу Сузак районунда орун алып, күчү 4,5 баллга жеткен. Ал эми Таралча, Карл Маркс, Канжыга айылдарында 4-3,5 балл болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.