Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 1 өрт болгон.
Түп районунун Сары-Дөбө айылында тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам 200 түк саман күйүп кетти.