Бишкекте аялын сабаган жаранды кармоо учурунда ал каршылык көрсөтүп, милиция кызматкеринин погонун жулуп алды. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга 42 жаштагы шаар тургуну кайрылып, жарандык никедеги күйөөсү сабап, тынчтык бербей жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, шектүү С.Юрийди кармоо учурунда ал каршылык көрсөтүп, милиция кызматкеринин погонун жулуп алган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.