Сузак районунда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1993-жылы туулган З.Т. “адам өмүрүнө кол салуу” беренеси боюнча айыпталууда. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь айында белгисиз адамдардын ортосунда уруш чыгып, 2 адам оор абалда ооруканага жаткырылган. Бул кылмышка шектүү аныкталып, ага издөө жарыяланган болчу.