"Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борборунда дарыгерлерге көрүнүү үчүн бейтаптар таңкы саат алтыда келип кезекке турушууда",- деп кайрылды окурман 29-августта
SUPER.KG'ге Whatsapp аркылуу. Өзгөчө алыскы аймактардан келгендер үчүн оор болуп жатканын айтат. "Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбор, тескерисинче, эне жана баланы күттүрүп, "кыйноо борборуна" айланыптыр. Сыркоолоп калган балдарын дарыгерге көрсөтүү үчүн алыскы аймактан келген ата-энелер да кабыл алууну күтүп, бирок көрүнө албай кетишүүдө. Таңкы саат алтыда кезекке туруп киргенине жараша дарыгерлер жакшылап көрүп коюшсачы! Дарыгерлер 5 мүнөт көрүп койгонуна 200 сомдун тегерегинде акча алышат. Айрымдарын "кийинки күнү кел" деп коюшат. Бул көйгөйдү өкмөт тарабынан чечүү керек",- деди ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.