ЭЛДИК КАБАР: "Ала-Тоо" аянтына концерт көрүүгө келгендердин агымы токтой элек

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында өтө турган Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 24 жылдыгына арналган майрамдык концертке келгендердин саны 20 миңден ашты. Учурда концерт көрүүгө келип жаткан элдин агымы токтой элек. Аянтка жакын көчөлөргө да эл жык толгонун окурман SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу кабарлады. 
"Бири чыкса, экинчиси кирип жатат. Элдин маанайы өтө жакшы, баары ойдогудай майрамдашууда. Абалды миңдеген милиция кызматкерлери көзөмөлгө алууда",- дейт окурман. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан