Орусиянын борбору Москвада кыргыз жараны өз батирине 4 мекендешин мыйзамсыз каттаган. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын прокуратурасына шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Москвада көп жыл жашаган 50 жаштагы Ормонжан Мамасалиев "чет өлкөлүк жаранды жалган каттоо" беренеси боюнча айыпталган. Ал 2015-жылдын апрелинен июль айына чейин өз батиринде Кыргыз Республикасынын жарандарын мыйзам бузуу менен каттоодон өткөргөн.
Сот бул кылмыш иши боюнча өкүм чыгарып, О.Мамасалиевди 15 миң рубль айып пул төлөөгө милдеттендирди. Мамасалиев өз күнөөсүн моюнуна алды.