Жогорку Раданын алдындагы кагылышууда Украинанын Улуттук гвардиясынын бир жоокери каза тапты. Улуттук гвардиянын билдиришинче, 31-августтагы тополоңдон жаракат алган 120 адам ооруканага жеткирилди. Өлкөнүн ички иштер министри Арсен Аваков жоокер октон эмес, жарылуучу заттан алган жаракатынан улам көз жумганын айтты. "Милиция кагылышуунун 30дай катышуучусун кармады. Мунун ичинде жардыруучу зат ыргыткан жаран дагы бар, ал кылмышын моюнга алды. Кармалган жаран Игорь Гуменюк РГО тибиндеги жардыргыч затты колдонгон. Экинчи жардыргыч зат ал кармалганда анын жанында болгон",- деди Аваков.
Киевдеги баш аламандык Жогорку Рада Конституцияга өзгөртүү киргизүү, өлкө чыгышындагы орусиячыл согушчандарга көбүрөөк артыкчылык берүү аракетин колдоп добуш бергенден кийин башталган.