Германияда 23 жаштагы кыз быйылкы жаздан бери поездде жашайт. Чет элдик басылмалар жарыялашкандай, Тюбинген университетинин студенти Леони Мюллер ижарага алып жашаган үйүнүн кожоюну менен урушуп кетип, мындан ары эч качан батирде жашабай турганын айткан. Анын ордуна студент бир айга каалаган поездде бекер жүрүүгө мүмкүнчүлүк берген талон сатып алганы айтылат.
Мюллер саякатта болгон кийим-кечеги, ноутбук жана китептери менен жүрөт, поездден жуунат. Кыздын сүйлөшкөн жигити бар, ал Кёльн шаарында жашайт. Поездде жүрбөгөн маалда жигитинин үйүндө, апасыныкында же досторунукунда жашайт.
“Поездде өзүмдү үйдөгүдөй сезем. Мындан тышкары каалаган учурда досторума барып, ар кайсы шаарларды кыдырып көрөм. Мен кечке эле каникулда жүргөндөймүн”,- дейт Леони Мюллер.