ЭЛДИК КАБАР: Кадамжай районундагы №17-орто мектебинде окуучуларга барактары айрылган китептер берилди

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Абсамат Масалиев атындагы №17-орто мектебинде окуучуларга барактары айрылган китептер берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу окурман кайрылды. 
Анын айтымында, башталгыч класстардын айрым окуучуларына үч китептен гана берилди. "Бизге кыргыз тили, орус тили жана математика сабактары боюнча китептер тийди. Табият таануу боюнча китептердин жетишсиздигинен бизге берилбей калды. Баары кошулганда ар бир окуучуга жетиден китеп тийиш керек экен, бизге үч эле китеп тийди. Эми жокторун сатып алгыла деп жатышат. Ушул эле мектепте жаңы китептерди 500 сомдун тегерегинде сатышат экен",- деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
akylbek.kg
2015-09-01 13:02:35
Менин тага журтумду кыйнабайле жаны китеп берип койгулачы)))))
0
beben
2015-09-01 13:07:49
Биздин мектепте китеп аябай коп баардык окуучуларга жетет эски окуу жылында бир топ китепти Тажикстанга кыргыз мектептерге жиберди . Ушундай кененчилик же директор жакшы иштейби.
0
Nuranna_93_kg
2015-09-01 13:18:42
Биз да 10 12 китеп алчу элек,эн азы 7 китеп алчу.Биринчи жолу угуп жатам 3 тон эле китеп тийди дегенине.Жаны китептер эмне учун сатылышы керек кызык.
0
jazgul80
2015-09-01 14:30:22
Китепке чогулткан акча каяка кетти. Ушул окурманга бир Смартфон
0
Adi.Avazbekov
2015-09-01 16:13:49
jazgul80, kitepke akcha jyinalbai kalgan kadamjaida owogo uwundai abal
0
pirim77
2015-09-01 14:42:00
Барактары айрык болсо ким айрымак мугалимдерби ата-энелерби мурдагы жулу окуган окуучу озу айрыйт да. ушул да маалыматпы. мамлекет бекер берип атат китепти сатып ал десе деле болмок. бир жолу эле мамлекет тигинпейт минтпейт деп жатып калабыз. частный плтаный школго деле онор эмес толоп окутуп жатасынар го акыры
0
madina.87
2015-09-01 15:30:38
Дагы жакшы силерге 3 китеп тийиптир,бизге бир китепда тийбедиго.
Баарын сатып алпергиле деди.
0
Adi.Avazbekov
2015-09-01 16:17:28
Biz mektepte okuganda jakyn jawagan 5 6 okuuchuga bir kitep tiiichu tunu baryp atkarmakbyz tapwyrmany. Azr kudaiga wugur dei turgan ele mezgil ubagy mn baary onolot.
0
KGstan81
2015-09-01 17:47:23
Атамбаев Кыргызстан дуйнодо билим беруу тармагына каржылоо боюнча биринчи оорунда турат деп тим эле блбой мактанып журот.
-1
patsanskaya
2015-09-01 19:28:17
Ал бардык эле мектепте болот буга чейин да болгон мындан кийин да боло берет
0
nur_92
2015-09-01 22:07:58
ХХХ ХХХ... боло беретда ха ха ха
-2
kirgizstan
2015-09-01 22:52:17
nur_92, Акырын эле кул
+1
admin_portal
2015-09-02 11:15:50
nur_92 - 5 күнгө БАН!
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан