Бишкекте бет кап кийип, коркутуу жолу менен акча тоногон жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин соттолгон, Жалал-Абад облусунун 33 жаштагы Б.Анарбек аттуу тургуну кармалган. Ал быйылкы жылдын 21-январында саат 23:20 чамаларында өзүнүн үч шериги менен бет кап кийип, мылтык көтөрүп, борбордун П.Лумумба көчөсүндө жайгашкан үйгө кирген. Алар М.К. аттуу 52 жаштагы үйдүн кожоюнун жана анын эки өспүрүм баласын коркутуп, 162 000 сом акча каражатын алып кетишкен.
Ошондой эле Жалал-Абад облусунун 36 жаштагы С.Айбек аттуу тургуну дагы бир кылмыш боюнча кармалды. Окуя 2014-жылы Бишкек шаарынын Щербаков көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде орун алган. Анда бет капчан 4 адам үй ээлерин сабап, коркутуп байлашкан да, 305 000 сомду уурдап кетишкен.
Учурда жогорудагы кармалгандар күнөөсүн моюндарына алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен. Ошондой эле калган кылмышкерлерди табуу боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө.