Баткен облусунун Лейлек районундагы
Интернационал аймагында кыргыз чек арачылары кыргыз-тажик чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган Тажикстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан 1-сентябрда билдиришти.
Ал кыргыз өлкөсүнөн Тажикстанга өтүүгө аракет кылган. Кармалган жарандын жанынан 590 ок-дары табылды. Анын
450 даанасы 16 калибрлүү болсо, 140 даанасы 12 калибрлүү. Ошондой эле 450 грамм ок жасоочу дары табылды. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран жана ок-дарылар укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.