ЭЛДИК КАБАР: Ошто эски автобекеттин көчүрүлүшүнөн улам чоң тыгындар пайда болууда

Ош шаарында эски автобекеттин көчүрүлүшүнөн улам чоң тыгындар пайда болууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу окурман билдирди.
"Жакында эле Оштогу эски автобекет шаар четине көчүрүлгөн. Учурда эски автобекетке бир да унааны киргиздирбей жатышат, ал эми ичкери кире албай жаткандар унааларын жол четине токтотуп коюп жатышат. Мындан улам Монуев көчөсүндө чоң тыгын пайда болууда. Эгер маршруткага отурсаң, бул көчөдөн 15-20 мүнөттө жол тыгынынан чыгасың. Эски автобекеттин көчүрүлүшү элди, айрыкча маршруттук таксилердин айдоочуларынын нааразылыгын жаратты",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Ошто эски автобекеттин көчүрүлүшүнөн мега унаа тыгындар пайда болууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
pirim77
2015-09-01 15:45:50
наоборот унаа тыгыны азайды. бугунку сурот окмот башчы келгенде болду. гаи кубалап жатты да. шеф отуп кетуусу учуун. а так башка райондон келгендер шаар четиндеги вокзалга барып город тазаланды тутундон
+4
Lintel
2015-09-01 15:50:35
Бул маалыматка мен кошулбайм жол тышыны бугун 1-сентябрга карата эле 1 саатка созулду. Башка куну жол тыгыны мурункуга караганда жок.
+4
Adi.Avazbekov
2015-09-01 16:10:11
Emu waarda probka bawtalat studentter kelip mawruttar tygyn bolup adam kop ystykka
0
Birimdik5555
2015-09-01 16:59:40
Ох Ошту аябай сагындым рахмат суперинфо,ушул шылтоо менен коруп алдым
0
Lili
2015-09-01 17:11:01
Наоборот шаар иретке келип баратат, ар бир айдоочу эрежеге так болсо,эшек айдагандай айдабай мындай тыгын болмок эмес....
+3
010288
2015-09-01 17:24:48
мен да бул маалыматка кошулбайм.авто тыгыны азайып,шаар кичине болсо да ирээтке келип калды.
0
AnarRazakovich
2015-09-02 03:21:16
Тескерисинче, шаарыбыз башын жууган кемпирдей сергип калды. Бул маалымат туура эмес!!!
+1
Nendi15
2015-09-02 16:02:21
Кечиресиз сиз берген маалыматка кошула албайм...Шаардагы кочолор бошоп бир сонун болуп калды.Мурда эле ушинтип жылдырып коюш керек эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан