1-сентябрь күнү саат 13:00дө Бишкек-Торугарт унаа жолунун 58-чакырымындагы Чоң Чүй каналындагы көпүрөнүн астынан Кемин районунда 1954-жылы туулган Алымбек Кутуевдин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Каза болгон жарандын денесин ӨКМнын №21-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.