Орусияда "Гони" тайфунунан улам миңдеген үй-бүлөлөр зыян тартышты

Орусиянын Приморск крайында дээрлик 1500 үй-бүлө "Гони" тайфунунан зыян тартты. Бул тууралуу 2-сентябрда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Тайфундан Уссурийск шаардык округу, Михайловск, Октябрьск, Пограничный, Партизанск, Ханкайск, Хорольск, Ольгинск райондору жабыр тарткан.

Маалыматка караганда, Приморсктогу калкка социалдык кызмат көрсөтүү борборлорунун бардык филиалдары жарандарга кийим-кече, тамак-аш, тиричилик буюмдарын, суу берип жатышат.  

"Ушундай кырдаал учурунда берилүүчү төлөмдөрдү адамдар резервдик фонддон ала алышат.

Жалгыз жашаган пенсионерлер, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандарга социалдык кызматкерлер барышат. Ата-энелер турак үйлөрүн калыбына келтиргенге чейин балдар бир канча күнгө социалдык-реабилитациялык борборлорго жайгаштырылат",- дейт эмгек департаментинин директору Лилия Лаврентьева.

"Гони" тайфуну Приморск крайына 27-августта жеткен. Алты крайда өзгөчө кырдаал киргизилип, 300 адам эвакуацияланган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
only_progress
2015-09-02 11:52:35
Суроттору жок бекен?
0
Nur1k_
2015-09-02 14:43:26
Тайфун не өзү?
0
sher.ella
2015-09-02 14:55:41
Тайфун катуу шамал
+2
Drongo
2015-09-02 20:16:22
Азыркы учурда Приморский крайында кырдаал бир топ эле оор.Уссурийск шаары сууда эле калкып калды.Влдивостоктун ичинде да суу дайрадай болуп кетти.Жаан чакалап суу куйгандай эле токту,катуу шамал бир жагынан .
0
wwwww
2017-05-29 13:45:05
Drongo,Чыныгы атын ким . Уссурийск шаарында мен коп жыл иштегем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан