Бишкекте 23 жаштагы кызды зордуктаган эки жигит кармалды. Бул тууралуу 2-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкек шаарынын 23 жаштагы тургуну милицияга 29-август күнү саат 03:00 чамасында Ак-Өргөө конушунан
Бакыт жана
Санжар аттуу эки жигит күч колдонуу менен зордуктап кеткени боюнча арыз жазган.
Издөө иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары Ысык-Ата районунун 25 жаштагы тургуну Бакыт жана Бишкек шаарында жашаган 36 жаштагы Санжарды кармашты. Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.