Балыкчыда идиштин сыйымдуулугуна дал келбеген акциздик маркалар менен 8 миңден ашык бөтөлкө алкоголь тартылып алынды

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында идиштин сыйымдуулугуна дал келбеген акциздик маркалар менен
8007 бөтөлкө алкоголь тартылып алынды. Бул тууралуу 2-сентябрда 
Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, ишкана ээлери салыкты толук көлөмдө төлөөдөн баш тартуу максатында 0,25 литрдик номиналдагы акциздик маркаларды 0,5 литрдик сыйымдуулуктагы идиштерге чапташкан.

Контрафакттык алкоголь салык боюнча рейддик текшерүүнүн жүрүшүндө “Балыкчы арагы” ишканасына таандык болгон арак заводунун кампасында аныкталды. Тартылып алынган продукция Мамлекеттик соттук экспертиза борборуна акциздик маркалардын аныктыгына экспертиза жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
SHAHDAR
2015-09-07 00:25:06
Кайсы арак экенин дагы жазып койсонор билели да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан