Бүгүн, 2-сентябрда саат 16:45 чамасында милицияга "Бишкек шаарынын Панфилов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жардыруучу зат коюлган" деген маалымат түштү. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 20 мүнөт мурун Биринчи Май районунун нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу түшкөн. Анда тургундар жолдун четинде белгисиз бир буюм жатканын айтып, "ал жардыргыч зат болушу мүмкүн" деп, текшерүүнү суранышкан. Райондун 5 адамдан турган ыкчам тергөө тобу шектүү жерге чыгып кетишти.