ЭЛДИК КАБАР: Люксембург айылында шайлоого карата жолду оңдоо башталып, 1 айдан бери иш жүрбөй жатат

Чүй облусунун Люксембург айылында айыл өкмөтү жайгашкан Токмок көчөсүнүн абалы аябай кейиштүү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман билдирди.
"Арыз жазсак, "шайлоого карата жасатып беребиз" деп айтышкан. Жолду тазалап кетишкен, бирок ишти улантышпаганына 1 ай болду. Эртең менен балдарды бала бакчага алып барарда такси кызматын чакырып, Токмок көчөсү десек, "көчөңөр жаман, жолго чыккыла" дешет. Эми жолубузду баштап коюшуп, аягына чыгышпай куурап жатабыз",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aikokul14
2015-09-03 10:21:01
Люксембург деген айыл,тооба,кыргызда башка ат куруп кетседа.
+1
kanykey125
2015-09-03 12:26:20
мен да Люксембург деген айыл бар экенин окуп тан калып жатам ..кулкум келди.эми Москва Америка деп да айылга ат койсо болчудай го...
+1
Elusha88
2015-09-03 13:06:48
Айылдын аты эле бир укмушго.Баштагандан кийин жолду аягына чыгышсын адамдарды кыйнабай.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан