Кыргыз-тажик чек арасындагы "Кара-Мык" тозотунда кызмат өтөп жаткан жеринен дайынсыз жоголгон жоокер дале табыла элек. Бул тууралуу 3-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 2-сентябрда ӨКМнын Ош шаарында жайгашкан Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруу тобунун 9 куткаруучусу, Мамлекеттик чек ара кызматынан 41 адам жана КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын карамагындагы Ми-26 тик
учагы менен издөө иштерин жүргүзүшүп, бирок таба алышкан жок. Айта кетсек, ал жоокер 23-августта кыргыз-тажик чек арасынын "Кара-Мык" тозотунда кызмат өтөп жаткан жеринен дайынсыз жоголгон. Белгилүү болгондой, жоокер 2014-жылы сентябрь айында кызматка чакырылган, бир айдан кийин кызмат өтөө мөөнөтү аяктамак.