Бишкектеги №1-Тергөө абагында кылмышка шектүү катары камакта отурган Рахимжан Бурадинов тергөөчүлөрдүн кысымынан улам 22-августта өз оозун тигип алган. 3-сентябрда SUPER.KG'ге Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова аталган жаран оозун чечкенин кабарлады."Эгерде дооматың болсо, оозуңду тикпей эле айтсаң чара көрүлөт дедик. Бурадинов 4-5 күн оозун тигип отуруп, акырында эч кимге дооматы жок экенин айтып, оозун чечти",- деди Сабатарова.
Эскерте кетсек, Бурадинов 22-августта ага карата Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү тарабынан кыйноо жолу менен башка кылмыш иштерин да моюнуна алдырууга аракет болуп жатканын айтып, өз оозун тигүүгө барган. Бирок Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы ага карата эч кандай кысым болбогонун билдирген.