Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин жооптуу өкүлүнө кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин жооптуу кызматкерине кылмыш ишин козгоду. Кызматкер "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу", "бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу" жана "кызматтык бурмалоо" беренелери боюнча айыпталып жатканын Башкы прокуратурадан 3-сентябрда билдиришти. 
Маалыматка таянсак, кызматкер 2012-жылы кызматтык автоунаасына кошумча тетик сатып алгандыгы боюнча И.Ш. аттуу жеке ишкер менен жасалма сатуу-сатып алуу келишимин түзгөн. Бирок бюджеттин эсебинен берилген 120 000 сом айдоочунун күнөөсү менен аварияга кабылган башка кызматтык автоунааны оңдотууга мыйзамсыз жумшалган.    
Аталган факт боюнча териштирүү башталганы айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан