Бүгүн, 3-сентябрга караган түнү Орусиянын Москва шаарындагы "Домодедово" аэропортунда өрт чыкты. Өрт имараттын астынкы кабатындагы жүк коюучу жайлардын биринде жасалып жаткан оңдоо иштеринен улам келип чыккан. Мындан улам 60 каттамдын учуусу артка жылдырылганын жана 3 миңдей адам коопсуздук үчүн сыртка чыгарылганын Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Учурда өрт өчүрүлүп, аэропорт кызматкерлери жана жүргүнчүлөр имарат ичине киргизилишти. Алардын арасында мамлекетибиздин жарандары да бар.