ЭЛДИК КАБАР: Кадамжайда белгисиз адамдар авиакассанын эшигин бузуп киришип, 66 миң сом каражатты уурдашты

2-сентябрда күндүзгү саат 12:00-13:00 чамаларында белгисиз адамдар Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы А.Жалилов көчөсүндө жайгашкан авиакассанын эшигин бузуп киришип, ичиндеги сейфти бузуп ачышып, 66 390 сом акча каражатты уурдап кетишти. Бул боюнча Кадамжай РИИБи видеобайкоочу камерага тартылган жазууларды иликтеп, кылмышкерлерди издеп жатат.
Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kgmiko
2015-09-03 15:23:06
Чак туштого
+1
Holerik10
2015-09-03 15:26:39
Билет оздору ким уурдаганын. Чак тушто,анын устуно ал жерде адам коп болот дайым билбей калышабыле
+2
kirgizstan
2015-09-03 15:28:51
Чак тушто болушу мумкун эмес
+2
oma16.02.95
2015-09-03 15:43:46
Кадамжайда 2 жолу болушу го биринчисинде банкка киришип бир адам каза болгон
+1
aikow92
2015-09-03 17:28:54
Кадамжайлыктар продвинутый да озу. Бардык жоктон бар. Крайслер, Гелик айдашат балдары. Кыздары ой асманды карап басышат. Уурулары магазинчиктерди эмес банк, авиакассаларды тоношот. Оооу Кадамжайдын кримхроникасынан ий. Ыйлагынды келтиресинер да.
+2
boston___
2015-09-04 00:26:39
Алар ууру эмес уурулар туну уурдашаткоо
0
sekret94
2015-09-18 03:18:52
Алга кыргызстан!!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан