ЭЛДИК КАБАР: Оштогу борбордук базарга барчу көпүрөдөгү "кичинекей базар" адамдарга ыңгайсыздык жаратууда

Ош шаарындагы борбордук базарга барчу жалгыз көпүрө "кичинекей базарга" айланып калды. Бул тууралуу окурман бүгүн, 3-сентябрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
Анын айтымында, соодагерлер товарларын көпүрөнүн эки четине жайып коюп, кичине көпүрөнү андан да кичирейтип, ары-бери өткөн адамдарга ыңгайсыздык жаратышууда.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
jake.402
2015-09-03 17:33:27
Карапайым эл ушинтип жандарын багып атышат. Балдарын,кыздарын кийиндирип окууга жонотуп атышат, жашоонун сынагына сынбай. Мамлекет ушу бир кичине копурону кура албай , чондор биринен отуп бири жеп,акчаларын пайдасыз иштерге жумшап, журушот дагы деле козу ачылбай.
А сен ошол кенири адам батчу копуродон батбай калдынбы, ичи чондордон болсон керек да.
+7
Mars55
2015-09-03 17:40:50
карапайым калк бул жерде жыргаганынан отурбайт эптеп оокатын таап жеп кун откоруп жатышат.Андан да ынгайсыз жолдо да басып жургонбуз же болбосо шарт тузуп беришсин.
+3
karasuu
2015-09-03 17:45:10
Ошо да акчалары коп курсагы ток болсо уйдо эле отурушса керек эле...?!
0
bolotbai
2015-09-03 18:22:01
Жоо жалан адам жакшына эле кенири ото тургандай эле жол бар экен го.Ушул кабарды жиберген адам ичи тардыкты да эби чени менен кылыш керек да.Бир болсо сага ушул жерден соода кылганга места тийбей калып анан очошуп жонотконсун го дейим.
+4
raxatka
2015-09-03 19:22:29
Байкуш апаларыбыз аман болсунчу кудайым. Суротту коруп журогум ооруду, жыргап отурган жери жок, кор тирилик да!!! Аран оокат кылып атканда, налог салып же кубалап салбаса экен! Кабарды жоноткон адам, кандай ой максат менен жиберди экен???
+6
richman.kg
2015-09-04 02:12:50
эптеп ушул жерде кичине болсо да нан таап жейин десе да местага акча толойт базаркомго.
0
Adi.Avazbekov
2015-09-04 20:10:48
Kachanga chein eptep eptep dei berebiz uwuntip juro bersek kachan onolobuz??? Bawkalardai ele bazardyn ichinen mesta alyp salygyn tolop iwtew kk da je emne bazardyn ichindegiler jyrgaganynan oturaby baary ele jawoo dep jurot baaryna myizam birdei da. Emne uwuntip kaalagan jerge baryp buiumdaryn jaiyp algan bolo berebi aitkyla anda ichindegilerda nalog tolop kyinalbai joldun boiuna chygyp alywsyn. Baaryna birdei karagyla da. Emnesi bolso da baarynyn iwi juruwo bersin.
-1
Anya__t
2015-09-05 21:09:07
Кыргызым ушул "эптеп септеп" анан "боло берет" деген создордон онукпой жатабызбы деген ойлор келет...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан