Борбордо "пикир келишпестиктен таксистти өлтүргөн" деп шектелип үч жаран кармалды

Бишкекте уруштун айынан таксистти өлтүргөнгө шектелип үч жаран кармалды. Муну бүгүн, 3-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, окуя 26-августта саат 03:40тар чамасында болгон. Турусбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде турган Н.К. аттуу таксистке 2 бала менен 1 кыз келген. Жол кире жөнүндө сүйлөшүп жатып уруша кетишкен. Эки жигит айдоочуну сабап кетишкенден кийин таксист диспетчерге болгон окуяны айтып,
эс-учун жоготкон. Башка таксист “Тез жардам” унаасын жана милиция кызматкерлерин чакырганы менен, жабырлануучу эсине келбей каза болгон. Кылмышка шектүү катары 20 жаштагы бишкектик үч жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Учурда иликтөө иштери уланууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
uragan007
2015-09-03 18:22:35
бишкектик эмес Бишкектик
-3
aibo_85
2015-09-03 19:09:55
uragan007, бишкектик деп туура эле жазылган. Энчилуу атка ык мучосу кошулганда чон тамга эмес кичине тамга менен жазылат.
+7
mer88
2015-09-03 19:19:39
aibo_85, ык эмес тык мучосу кошулса да баш тамга менен жазылат
-3
Rifle_2
2015-09-03 19:41:25
mer88,Мисалы : Кыргызстандык , россиялык , америкалык балдар ойноп кетишти . Бул жерде мамлекет айтылган жок , бадар айтылды. Бишкектик деп суйломдун башына келсе чон тамга , ортосунда Кичине тамга менен жазылат .
+2
ayjamal83
2015-09-04 08:26:00
uragan007, ухахах.
0
aikow92
2015-09-03 18:25:25
Азыр адамдар соз которо албай калган. Унун катуурак чыгарып койсо олтуруп деле салышат. Мына ойдодогу далил. Маршруткада кетип жатып айдоочулар согушуп бирин-бири кууп калганда кордун дей бер да. Качан кагылышып олот экенбиз депчи.

Баса uragan007, бишкектик деген туура. Ката таап алдым деп суйундун беле)))
+4
karona
2015-09-03 20:38:11
Байкуш кор тиричилик деп тун уйкусун да кечип иштеп жаткан экен, жаткан жери жайлуу болсун. Зоокурлорду камап, оз жазаларын бериш керек!
+1
marmiladka9
2015-09-03 23:49:00
Бишкек ардайым чон тамга менен жазылыш керек. Жердин аттары эч качан кичине тамга менен жазылбайт!
0
jigit1285
2015-09-04 03:33:36
Булар орустарго,олгон таксист кыргыз бекен?
0
Uli6886
2015-09-04 13:16:53
Адам олуп жатса ык-мык деп тукумдан кыр издеп каласынарда!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан