Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Сумсар жайлоосунда жергиликтүү тургундардын 6 миң кой-эчкиси кардын алдында калды. Бул тууралуу 4-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Райондун Кең-Арал айыл аймагы тарабынан 2 КамАЗ менен 600 түк тоют ошол эле күнү саат 18:30 чамасында жөнөтүлгөнү кабарланды.