Талас облусунун Талас районунда 3-сентябрь күнү калыңдыгы 5 сантиметрге жеткен кар жааган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги анын кесепетинен бир нече гектар эгин зыянга учураганын кабарлады.
Маалым болгондой, Айдаралиев айыл аймагында 300 гектар дан эгиндери (буудай-арпа) жана 900 гектар чөп, ошондой эле Осмонкулов айыл аймагында 50 гектар арпа жана 500 гектар картошка кар астында калган.